Дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты старт алды

Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте уландар жана кыз-келиндер арасындагы дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты старт алат.

Маалыматка ылайык, мелдештин биринчи күнү 5 медалдар топтому ойнотулат. Татамиге Кыргыз өлкөсүнөн 9 спортчу чыгат.

6-апрелдин программасы:

 

Уландар: 60 килограммга чейин, 66 килограммга чейин

 

Кыз-келиндер: 48 килограммга чейин, 52 килограммга чейин, 57 килограммга чейин

 

Саат 10:00дө алдын ала мелдештер, 16:00дө ачылыш, 17:00дө финалдык беттештер.