ЕАЭБ өлкөлөрүндө навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди

ЕАЭБ өлкөлөрүндө навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди.

 

Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссия билдирди. Навигациялык пломба товар жана транспорт каражаттарынын жылышына аралыктан көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 

Бул технология онлайн режимде миң чакырымга чейинки аралыкта дагы мыйзамсыз аракеттерди каттоого, товар жүгүртүүнүн мыйзамдуулугун тастыктоого жана багытталган жерге жеткирилишин көзөмөлдөөнү камсыздайт.