Ысык-Көл облусунун Түп районундагы аз камсыз үй-бүлөлөргө көмүр таратылды.
Турмуш басылмасынын маалыматына караганда, акысыз отун аймактагы 2 миң
үй-бүлөгө берилди. Алардын тизмеси ар бир айыл өкмөт тарабынан аныкталып,
түзүлгөн. Демилге демөөрчүлөр тарабынан ишке ашты.