Калкты каттоого ала турган операторлор талап кылынууда. Улуттук статистика комитети элди жана турак жай фондун каттоо иш-чарасына убактылуу кызматкерлерди издеп жатат. Ведомствонун маалыматына караганда, талапкердин жашы 18ден жогору болушу керек.
Алардын, Android 5 системасында башкарылган уюлдук телефону болушу шарт. Каттоочулар 1 айга, инструктор-көзөмөлдөөчүлөр 1,5 айга, координаторлор 3 айга кабыл алынат. Айлыгы 6 миң сомдон жогору.
Эске салсак, быйыл 23-марттан 1-апрелге чейин Кыргызстанда элди жана турак жай фондун каттоо өтөт. Ага жалпысынан 27 миң кызматкер тартылат.