Паспортту тез арада алуу кызматы арзандады. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, 16-марттан тарта 2017-жылы чыккан үлгүдөгү ID-карта 4 миң 270 сомдон 3 миң 987 сомго түштү.
Ал эми жалпы жарандык паспорт 6 миң 193 сомдон 5 миң 523 сомго арзандады. Бул төмөндөтүлгөн баалар 16 жашка чыккандан кийин жана алмаштыруу үчүн паспорт алгандарга тиешелүү. Ал эми жоготуп алгандарга кымбатыраак баада жасала берет, — дешти ведомстводон.