Кыргызстандын 3 аэропортунда ПЦР-тесттерин жүргүзүү үчүн лабораториялар пайда болот. “Манас” эл аралык аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, алар Бишкек, Ош жана Ысык-Көл аэропортторунда орун алат.
Лабораторияларда ПЦР-тесттеринин мөөнөтү өтүп кеткен транзиттик жүргүнчүлөр кайрадан анализ тапшырса болот.