Египетте коронавируска кабылган туристтер акысыз дарыланат

Египет бийлиги жергиликтүү мейманканалар менен келишим түзүп, коронавируска чалдыккан туристтерди акысыз дарыламай болду.

 

Чет элдик басылмалар жазышкандай, эгер туристтин абалы жеңил болсо, анда ал мейманканада калат.

 

Ал эми оор болсо, ооруканага акысыз жаткырылат. Белгилеп кетсек, учурда Египет дүйнөнүн 40тан ашуун өмамлекетинен туристтерди кабыл алууда.