Чүй облусунда “Көңүл бургула! Балдар” акциясы жүрүүдө.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, иш-чаранын башкы максаты – балдардын катышуусу менен жол кырсыктарынын алдын алуу.
Инспекторлор айдоочулар арасында эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Акция жаңы окуу жылынын башталышына карата өткөрүлүүдө.