Британиялык TimeOut басылмасы дүйнөнүн мыкты шаарларын атады. Рейтингди түзүүдө журнал калаанын заманбаптыгын, ыңгайлуулугун, экологиялык жактан тазалыгын жана коопсуздугун эске алды.
Жыйынтыгында, биринчи орунга Сан-Франциско чыкты. Бул шаар жашыл аймактары жана эс алуу бактары боюнча алдыга эч бир калааны чыгарган жок.
Экинчиде “экологиялык таза” Амстердам турат. Үчилтикти Манчестер бекитет – ал кызыктуу түнкү жашоосу жана чыгармачыл тармагы менен атактуу.