Евразиялык экономикалык форумдун алкагында милиция күчөтүлгөн тартипке өтөт

ЕАЭБге кирген мамлекеттердин башчыларынын расмий сапары учурунда Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипке өтөт.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, жогорку даражадагы конокторду тосуу учурунда коомдук тартипти төрт миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт.

Өтө турган иш-чаранын маанилүү экенине байланыштуу ИИМ шаар тургундарын менен конокторун айдоочулук маданиятты жана эрежелерди сактоону суранат.

Мындан тышкары, жүктөр болсо 26-27-майдан башка күндөрү ташып алууну, жол жээктеринде соода сатыктарды токтотууну өтүнөт.