Ысык-Көл облусундагы “Асман” шаары курула турган аймак өзгөртүлдү

Ысык-Көл облусундагы “Асман” шаары курула турган аймак өзгөртүлдү.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров билдирди.

Шаар курулат деп пландалган жер биосфералык аймакка киргендигине байланыштуу 10 чакырым ары жылат.

Тору-Айгыр айыл өкмөтү менен Тамчы аэропортунун ортосунда болуп калат, — деп айтылат маалыматта.

Аткаминер аталган шаардын аянты долбоордо жазылгандай эле 4 миң гектар бойдон каларын кошумчалады.

Аны ишке ашыруу үчүн Франция, Түркия мамлекеттеринен инвесторлор менен сүйлөшүлөр жүрүп жатканы айтылды.