Ысык-Көлдө пансионат, конок үй кургандарга талап күчөйт

Кийинки жылдан тарта Ысык-Көлдө пансионат, конок үй кургандарга талап күчөйт.

Президент “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тарта аймактагы пансионаттарды инженердик коммуникация жана курулмалар менен камсыздабай иштетүүгө тыюу салынат.

Жарлыктын алкагында Министрлер кабинети үч жылга Ысык-Көлдү коргоо жана анын биосфералык зонасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө байланыштуу программа даярдап, аны бекитүүгө милдеттендирилди.