Ош эл аралык аэропорту боюнча прокуратура иликтөө иштерин баштады

Ош эл аралык аэропортунун кулап түшкөн шыбы боюнча Транспорт прокуратурасынын кызматкерлери иликтөө иштерин баштады.

Бул тууралуу 24.kgге Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө кыйроонун себептери, реконструкциялоо долбоору канчалык туура аткарылганы, жасалган иштердин документалдык маалыматтарга дал келүүсү, курулган объект кандай кабыл алынганы жана башка аспектилер изилденет.

Эске салсак, кечээ нөшөрлөп жааган жаандан улам “Ош” аба майданынын күтүү залындагы шыбы урап түшкөн.

Кошумчаласак, аталган аэропорттун имараты 1974-жылы курулган.

Ал эми шыбы ураган кошумча жай мындан беш жыл мурун 78 миллион сомго салынган.

Аэропортто жумушчу комиссия түзүлүп, келтирилген зыяндын көлөмүн тактоо иштери жүрүүдө.