Кыргызстанда курч респиратордук вирустардын жана сасык тумоонун күч алышы катталууда

Кыргызстанда курч респиратордук вирустардын жана сасык тумоонун күч алышы катталууда.

 

Ооруларды алдын алуу жана санэпидем көзөмөл департаментинен билдиришкендей, 13-февралдан 20-февралга чейин республикада дээрлик 7 миң учур катталды.

 

Бул буга чейинки аптага салыштырмалуу 500 учурга көп. Өлкөдө күн сайын мониторинг жүргүзүлүп турат. Дарыгерлер эл көп чогулган жерге барбай, бет кап режимин сактап, санитардык-гигиеналык чараларды карманууну сунуштайт.