Кыргызстанда аймактагы китепканалардын китептерин жаңылоо үчүн «Бир адамдан бир китеп» акциясы өткөрүлдү

Кыргызстанда аймактагы китепканалардын китептерин жаңылоо үчүн «Бир адамдан бир китеп» акциясы өткөрүлдү.

Бул тууралуу маданият министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков билдирет.

Анын айтымында, иш-чаранын алкагында 27 миллион сом чогултуп,

ал каражатка 108 миң китеп сатып алынды. Долбоордун алкагында 144 китепкананын китептери жаңыланды.

Китепканасы жок айылдарда китепкана пайда болду», — деди Кадырбеков.