«Фейсбук» аталышын өзгөртүшү мүмкүн

«Фейсбук» социалдык тармагынын аталышы жакын арада өзгөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу The Verge порталы өз булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, соцтармактын негиздөөчүсү Марк Цукерберг бул маселени 28-октябрга белгиленген Facebook Connect жылдык жыйынында талкуулоону көздөп жатат. Бирок ребрендинг тууралуу эртерек жарыяланышы мүмкүн.

 

Бул кадам аталган социалдык тармак ар тараптан сынга кабылып жаткан маалда жасалып жатат.

 

Буга чейин компанияда мурда иштеп кеткен Фрэнсис Хоген АКШ Конгрессиндеги угууларга катышып, социалдык тармак киреше үчүн кооптуу жана кастыкты козуткан маалыматты таркатууга кызыкдар деп айткан.