Facebook Россияга байланыштуу 100 аккаунтту өчүрдү

Facebook компаниясынын 2020-жылдын апрель айындагы эрежени бузган колдонуучулар жөнүндө отчетунда Орусияга байланыштуу жүздөй аккаунт өчүрүлгөнү айтылат. Анын 46сы баракча, эки группа жана бир Instagram аккаунт болгон. Бул тууралуу шейшембиде компаниянын сайтында жарыяланды.

Facebookтун эксперттери социалдык тармактын эрежесин бузган контент, пост жарыялагандардын дареги бир нече өлкөдө болгонун белгилейт. Отчеттун авторлору эреже бузгандар Орусия, Донбасс жана Крымдагы NewsFront жана SouthFront уюмдарына байланыштуу деп эсептейт.

 

Орусиялык ТАСС агентиги Facebookтун расмий отчетунда айтылгандар күмөн жаратарын жазып чыкты. “Facebook аталган аккаунттар жана баракчалардын кандай эреже бузганы жөнүндө так далилдерди келтирилген эмес” деп айтылат ТАСС агенттигинин кабарында.

 

Компаниянын отчетунда Иран, АКШ, Грузия, Мавритания, жана Мьянма өлкөлөрүнө байланыштуу дагы баракчалар өчүрүлгөнү айтылат. Жалпы жолунан апрель айында эреже бузганы үчүн 732 Facebook, 162 Instagram аккаунт жана 793 баракча, 200 группанын иши токтотулган.