Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Кытай Тайбэйин 5:1 эсебинде жеңди. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өттү.
Оюндагы голдорду Кыргызстан тараптан Жоел Кожо, Християн Браузман, Кими Мерк жана Кытай Тайбэйи тараптан У Ен-Шу киргизди.
Бул беттеш 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында болду.