Дүйнөдөгү эң кирешелүү футбол клубу аталды

Дүйнөдөгү эң кирешелүү футбол клубу аталды.

Өткөн жылдын маалыматтары эл аралык консалтинг компаниясы тарабынан берилди.

Ошентип, биринчи сапта англиялык «Манчестер Сити» клубу турат.

Жыл ичинде ал дээрлик 645 миллион евро тапкан.

Экинчи орунда “Реал” турат, анын кирешеси 640,5 миллиондон бир аз ашты.

Ал эми алдыңкы үчтүктү 611 миллион евро киреше менен “Бавария” ээледи.