Кыргызстандык шахматчылар эл аралык турнирде алтын жана коло медаль алышты

Кыргызстандык Элдияр Орозбаев менен Асылбек Абдыжапар шахмат боюнча эл аралык турнирде алтын жана коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, СССРдин биринчи спорт чебери Юрий Никитиндин жаркын элесине арналган турнир Казакстандын Павлодар шаарында өткөн.
Мелдешке Россия, Казакстан, Кыргызстандын шахматчылары катышты. Кыргызстандын атынан эркектер арасында өлкө чемпиондору болгон Асылбек Абдыжапар менен FIDE мастери Элдияр Орозбаев барган.
«11 турдун жыйынтыгы менен Элдияр Орозбаев 1-орунду ээлесе, Асылбек Абдыжапар коло медаль тагынды», — деп жазылат кабарда.