Райымбек Матраимов Бакудан Бишкекке жеткирилгени кабарланды

Эл аралык издөөдө жүргөн, кыргыз бажысынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Азербайжандын баш калаасы Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке жеткирилгенин “Азаттыктын” ишенимдүү булактары маалымдады.

 

Жергиликтүү басылмалар дагы Райымбек Матраимов менен кошо бир туугандарынын бирөө кармалып, Бишкекке алып келингенин күч органдарындагы өз булактарына таянып жазышты.

 

Азырынча кыргыз бийлиги эч кандай комментарий бере элек.

 

Райымбек Матраимов былтыр октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкекте атайын операцияда өлтүрүлгөндөн кийин Кыргызстандан чыгып кеткен.