Германиянын тургуну сертификаттарын сатуу үчүн дээрлик 90 жолу COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн

Германиянын тургуну сертификаттарын сатуу үчүн дээрлик 90 жолу COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн.

Учурда полиция тарабынан кармалган Магдебургдук 60 жаштагы киши вакцинаны Саксония федералдык штатындагы эмдөө борборлорунда бир нече айдын ичинде алган.

Немис Эйленбург шаарындагы медициналык борборунда кармалган.

Препараттын кезектеги дозасы үчүн ал ошол эле жерге эки күн катары менен келген.

Маалыматка ылайык, ал ар бир эмдөөгө жаңы документтер менен келген.

Окуя боюнча учурда кылмыш ишин козголуп, тергөө башталды.

Бул иш эмдөөгө каршыларга сертификат сатуу үчүн жасалгандыгы белгиленди.