Google жана Spotify платформаларынын иши үзгүлтүккө учурады

Google жана Spotify колдонуучулары платформалардын иши үзгүлтүккө учураганын билдиришти. Муну Downdetector сервисинин маалыматтары тастыктайт.

Ага ылайык, колдонуучулардын дээрлик жарымы (49 пайызы) Spotify колдонмосуна кирүүгө аракет кылып жатканда каталар болгонун, 74 пайызы Google колдонмосунун начар иштешине нааразы болушкан.

 

Буга чейин Instagram колдонуучулары социалдык тармактын ишинде үзгүлтүккө учурап жатканын айтып арызданышкан. Сайттын маалыматы боюнча, колдонуучулардын 62 пайызы тиркемеде, 17 пайызы социалдык тармакка кирүүгө аракет кылганда бузулуп калганын билдиришкен.