Майами-Бич туристтердин агымына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады

АКШнын курорттук Флорида штатындагы Майами-Бич шаарынын бийлиги коронавирус пандемиясы учурунда эс алуусун деңиз жээгинде өткөрүүнү чечкен туристтердин агымынан улам өзгөчө кырдаал жарыялоого аргасыз болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

 

Маалыматка ылайык, шаардык администрациянын башчысы Дэн Гелбер жашоочуларга кайрылуусунда буга чейин кырдаалды каалаган убакта тутанып кетиши мүмкүн болгон күйүүчү жипке салыштырган. Ал чукул санитардык коопсуздук чараларын киргизүүнү, анын ичинде бет кап режимин жана коомдук аралыкты бузгандар менен күрөшүү үчүн полиция дружиналарын күчөтүүнү буйрук кылган.

 

Мындан тышкары, туристтик агымды азайтуу жана коронавирустун жайылуу ылдамдыгын азайтуу максатында шаарда коменданттык саат киргизилип, унаа жолдору кечки саат 9дан таңкы саат 6га чейин жабылды. Бардык эс алуучуларга пляждарга жана ар кандай коомдук иш-чараларга барууга тыюу салынган.

Буга чейин Майами-Бичтеги пляж кечеси полиция менен кагылышуу менен аяктаган. Эс алуучулар карантиндик чараларды сакташбай жана укук коргоо органдары менен чыр-чатакка барышкан, полиция калемпир чачып, 120дай адамды камакка алууга мажбур болушту.

 

Акыркы маалыматтар боюнча, Флоридада пандемия башталгандан бери 2 миллиондон ашуун адам коронавируска чалдыккан, 30 миңден ашуун бейтап инфекциянын курмандыгы болушкан.