Алмата шаарында таксист кардар унутуп калган 1,5 миллион тенгесин кайтарып берди

Алмата шаарында таксист кардар унутуп калган 1,5 миллион тенгесин кайтарып берди.

 

Казак басылмалары жазышкандай, 23 жаштагы таксист эки улгайган аялды жеткиргенден кийин унаасында чемодан унутулганын көргөн.

 

Анда 1,5 миллион тенге жана баалуу зер буюмдар болгон. Эркектин айтымында, ал чемодандын ээсин 11 күн издеп, жыйынтыгында таап, кайтарып берди.