Абанын булганышына каршы күрөшүү комиссиянын жетекчиси Айбек Жунушалиев болду

Министрлер кабинети тарабынан абанын булганышына каршы күрөшүү боюнча өзгөчө комиссия түзүлдү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин токтому менен Бишкек шаарындагы абанын булганышы көйгөйүн иликтөө, жарандардын ден соолугун сактоо жана аларды чечүү чараларын иштеп чыгуу боюнча токтоосуз чараларды ыкчам кабыл алуу үчүн ведомстволор аралык өзгөчө комиссиясы түзүлдү.

 

Аталган чечим жарандардын ден соолугун коргоо жана Бишкек шаарынын абасынын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу, абанын булганышынын себептерин жана булактарын аныктоо максатында кабыл алынды.

 

Ведомстволор аралык өзгөчө комиссиянын жетекчиси катары Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бекитилди.

Белгилей кетсек, 15-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин жыйынынын жүрүшүндө борбордогу ыш жөнүндө маселе көтөрүп, муниципалитет менен биргеликте экологиялык маселелерди чечүү ишин күчтөндүрүүнү тапшырган.

Ведомстволор аралык өзгөчө комиссиянын курамына мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү киргизилген.