Грузиянын Зугдиди шаарындагы банкты тоноого кирген адам полициянын унаасын айдап качты

Грузиянын Зугдиди шаарындагы банкты тоноого кирген адам полициянын унаасын айдап качты.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, 21-октябрда курал жана граната көтөргөн киши ири банктардын

биринин филиалына кирген. Ал 50 кишини барымтага алып, бийликтен 500 миң доллар жана коопсуздук

кепилдигин талап кылган. Полиция аны менен күн бою сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгында

тоноочу барымтадагыларды алмашууга макул болуп, 43 кишини чыгарып берген. Бирок түн ичинде

ал сыртка чыгып, полициянын машинасын айдап качкан. Учурда аны издөө иштери жүрүп жатат.