Ош шаарында Мээркан айылындагы негизги жол пайдаланууга берилди.
Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, учурда жол кыймылга ачык.
Тилкенин 1 чакырым 250 метрине асфальт төшөлүп, арык, тротуар түшүрүлдү.
Андан тышкары тилкеге түнкү чырактар орнотулду. Долбоорго каражат жергиликтүү
бюджеттен бөлүндү. Эске салсак, аталган унаа жолду куруу иштери жаз айларында башталган.