Ички иштер министрлиги кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү

Ички иштер министрлиги кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү. Ведомство маалыматына ылайык, бул Нооруз майрамында коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында кабыл алынган чара.

 

ИИМдин ички курамы 20-мартта жана 21-мартта толугу менен күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Өзгөчө көңүл эл көп чогулган жерлерге, коомдук жайларга жана стратегиялык маанилүү жайларга бөлүнөт.

 

Майрам күндөрү коомдук коопсуздукту республика боюнча 11 миң милиция кызматкери камсыздайт.