Баткенде коомдук транспорт токтотулуп, бир катар карантиндик чектөөлөр киргизилди. Чечимди облустук штаб кабыл алды

Баткенде коомдук транспорт токтотулуп, бир катар карантиндик чектөөлөр киргизилди. Чечимди облустук штаб кабыл алды.

 

Маалыматка ылайык, бүгүнтөн тартып облустан тышкары, район аралык жана ички коомдук транспорттун каттамдары, мал базарлардын иши, мечиттерде жамаат менен жума намаздарын окуу убактылуу токтотулду.

 

Аймакка Өзбекстан, Тажикстандан жарандар ПЦР анализдин таза жыйынтыгы менен гана киргизилет. Белгилеп кетсек, статистикалык маалыматтар коронавирус жугузгандардын саны Баткен облусунда көп болуп жатканын көрсөтүүдө.