ӨКМ өлкөдөгү жер көчкү жүрүү коркунучу бар 44 жерде топуракты атайын түшүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандагы жер көчкү жүрүү коркунучу бар 40тан ашык аймакта топуракты атайын түшүрөт.

Мекемеден такташкандай, табигый кырсыкты алдын алуунун мындай ыкмасы өлкөдө алгачкы жолу жасалып жатат.

Ал үчүн тандалып алынган аймактарды атайын адистер изилдеп, андан кийин иш башталат.

Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен жасала турган долбоордун жалпы суммасы 39 миллион долларды түзөт.

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 4 миңге жакын үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт.

Алардын басымдуу бөлүгү Ош менен Жалал-Абад облустарына туура келет.