Афганистандагы жер силкинүүнүн күчү Кыргызстанда да сезилди

Афганистандагы жер силкинүүнүн күчү Кыргызстанда да сезилди.

Кечээ кечинде аталган өлкөнүн түндүк тарабында күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмологдор силкинүү Пакистанда жана Индияда да сезилгенин кабарлады.

Кыйроолор жана курмандыктар тууралуу маалымат жок.

Силкинүү Бишкек убактысы менен түнкү саат 11ге жакын болду.

Жер титирөө катуу эле байкалганын Ош шаарынын, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тургундары интернеттеги социалдык түйүндөргө жазышты.