Түштүк Корея кыргызстандыктар үчүн аймагына кирүү эрежелерин күчөттү

Түштүк Корея кыргызстандыктар үчүн аймагына кирүү эрежелерин күчөттү. Аталган мамлекеттин Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, корей бийлиги коронавирус жайылып жаткан өлкөлөрдүн тургундары үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыккан.

 

Чектөөлөр Бангладеш, Казакстан, Кыргызстан жана Пакистан мамлекеттеринин жарандарына тиешелүү. Кыргызстандыктар тапшырган тести таза чыккандыгы тууралуу сертификат көрсөтүшү керек.