Жаңы жылга карата аянтты жасалгалоого Ош шаардык мэриясы тарабынан дээрлик 3 миллион сом сарпталат.
Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.
Учурда түштүк калаанын борбордук аянтына 28 метр бийиктиктеги балатыны орнотуу иштери башталды.
Жумуштар 20-декабрга чейин аягына чыгышы керек.
Балаты жандыруу аземи да ошол эле күнү кечинде болот.