АКШ коронавирус жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты

 

АКШ коронавирус жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Акыркы маалыматтар боюнча, АКШда коронавирусту 85 миң 653 адам жуктуруп алган. Нью-Йорк шаарында эле вирус менен 30 миңден ашык адам күрөшүүдө.

 

Өлкөдө вирус менен ооругандар күн санап, өтө тездик менен көбөйүп жаткандыгын жана жуктуруп алгандар АКШнын бардык 50 штатында катталганын президент Дональд Трамп билдирген.