АКШнын тургуну 16 гектар токойду кокустан өрттөп алды

АКШнын тургуну жөргөмүштү от тамызгы менен өлтүрүүгө аракет кылып, анын кесепетинен 16 гектар токой күйүп кетти.

Окуя Юта штатында болгон. Токойдогу түтүндү көрүп калгандар куткаруучуларды чакырышкан.

Бир нече мүнөт өтпөй өрттү өчүрүүгө эки тик учак келип, жалынды жок кылышкан.

Укук коргоо органдары өрт койгон адамды кийинчерээк табышты.

Ал күнөөсүн мойнуна алып, камакка алынды.