Индияда аптанын үч күнүн гана жумушчу күн кылуу сунушталды

Индиянын Slice стартапы жаңы жумушчуларды базар курсунун 80 пайыз айлыгы менен аптасына үч күн иштөөнү сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

 

Маалыматка ылайык, IT тармагында жумушчу күчүнүн жоктугунан өлкөнүн компаниялары адистер үчүн атаандашууда. Ал эми аталган идея компанияга атаандаштык артыкчылыгын берет деп эсептешет.

 

Компаниянын негиздөөчүсү Ражан Бажаж аптасына үч күн иштөө туруктуу эмгек акы жана формалдуу жумуштун артыкчылыктарын сактоо менен жумушчуларга башка иштерге жана хоббилерине убакыт бөлүүгө мүмкүндүк берүүчү «жеңишке жетүү» ыкмасы деп эсептейт.

 

«Кызматкерлер аптасына үч күн иштеп, калган убактысын стартап кыялынын артынан сая түшүп, илхом издеп же жумуштан тышкары хобби менен алектенсе болот», — деген 28 жаштагы Бажаж.