Бишкек мэриясы бүгүн, 5-октябрда шаардын аймагындагы көмүр саткан жайлардын тизмесин жарыялады.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 6 отун базасы жана 7 стационардык пункт бар. Мындан тышкары, шаардын калк жашаган аймактарында 35ке жакын стационардык пункттар ачылары мерчемделүүдө.
Ленин районунда төрт отун базасы:
— «Ак-Жол» ЖЧКсы, (Мурманск көчөсү, № 1а) ;
— «Торг-Синтез», «Кара-Жыра» ЖЧКлары, (Мурманск көчөсү, №59а) ;
— «Береке» ЖЧКсы, (Мурманск көчөсү, №259) ;
— «Беш-Сары» ЖЧКсы, (Мурманск көчөсү, №186).
Октябрь району:
— «Торг-Синтез» ЖЧКсы, (Төкөлдөш конушу, «Аламүдүн» станциясында) ;
Свердлов району:
— «Восход и К» ЖЧКсы, (Достоевский көчөсү, №1).
Ленин районундагы иштеп жаткан стационардык пункттар:
— Пушкин көчөсү, №182;
— Гагарин көчөсү, №67;
— Баррикадный көчөсү, №2.
Свердлов району:
— Учкун жаңы конушу;
— Саадаев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилиши;
— Келечек конушу;
— Ак-Бата конушу.