Кыргызстан мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча дүйнөлүк рейтингде 8 сапка жогорулады

Кыргызстан мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча дүйнөлүк рейтингде 8 сапка жогорулап 90-орунга жайгашты.

Speedtest Global Index тарабынан түзүлгөн тизмеге караганда, апрелде дүйнөдө мобилдик Интернеттин

орточо ылдамдыгы   секундасына 53 Мегабитти түздү. Өткөн айга салыштырмалуу көрсөткүч 10 пайызга жогорулады.

Рейтингде алдыңкы сапта Бириккен Араб Эмирлиги, экинчиде Түштүк Корея жана Катар турат.

Ал эми Казакстан 86-орунда турса, Россия 87-жайгашты. Жалпысынан рейтингге 134 өлкө кирди.