Легендарлуу  “Сениби, шашпа” же “Ну, погоди” мультфильми жаңы версияда тартылды

Легендарлуу  “Сениби, шашпа” же “Ну, погоди” мультфильми жаңы версияда тартылды. “Союзмульфильм” студиясы тасманын 3D трейлерин YouTube каналына жарыялады.

 

Белгилеп кетсек, мультфильмдин жаңы версиясында карышкыр тамеки тартпайт жана алкоголдук ичимдиктерди ичпейт. Бирок видеооюндарга ашыгы менен берилгендиги чагылдырылган.

 

Андан тышкары, бир нече жаңы каармандар кошулду. Мультфильмдин бет ачары ушул жылдын декабрь айына белгиленди.