Эксперттер үйлөнгөн адамдар бойдокторго караганда узак жашай турганын аныкташты

Эксперттер үйлөнгөн адамдар бойдокторго караганда узак жашай турганын аныкташты. “Известия” басылмасынын маалыматына ылайык, чылым чегүү, спирт ичимдиктерин көп ичүү жана туура эмес тамактануу сыяктуу бардыгына эле белгилүү болгон себептерден тышкары, жалгыздык дагы бат картаюуга алып келет.

 

Профессор Владимир Хавинсондун айтымында, жакшы эмоцияларды алуу үчүн кишиге жакын адамдары керек.

 

Андан тышкары, жалгыздык жашоо маңызын жоготууга алып келип, стрестти көбөйтөт.