Индияда кудасы менен кудагыйы качып, балдарынын үйлөнүү тоюун үзгүлтүккө учуратты

Индияда кудасы менен кудагыйы качып, балдарынын үйлөнүү тоюун үзгүлтүккө учуратты. Жергиликтүү ММКлар жазышкандай, 48 жаштагы жеке ишкер жана анын 46 жаштагы кошунасы жакын мамиледе болушкан.

 

Алардын баласы менен кызы баш кошууну чечишкенин угуп, бирге из суутту. Ал эми болочоктогу колуктулар, ата-энеси кайтып келгенче, үйлөнбөй турган болушту.