Баткенде ок тийген аскер кызматкеринин абалы канааттандырарлык

Баткенде ок тийген аскер кызматкеринин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу “Азаттыкка” Генералдык штабдын басма сөз кызматынын өкүлү Сүйүнбек Абдырачалов билдирди.

 

Анын айтымында, окуя кечээ №30630 аскер бөлүгүндө болду. Келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан ефрейтор оң жак билегине октон жараат алган. Окуяга байланыштуу кызматтык иликтөө жүрүп жатат.