Индияда кыздын долулугунан улам той болбой калды

Индияда кыздын долулугунан улам той болбой калды. Үйлөнүү үлпөт учурунда жаш жубайлар бири бирине гирлянда такмак. Бул салт аткарылып жатканда эркектин колу жубайынын мойнуна тийип кеткен.

 

Буга жини келген кыз гирлянданы жерге ыргытып, залдан чуркап чыккан. Күйөө баланын ата-энеси келининин мүнөзүнө жини келип, тойду токтотту. Ызы-чууну басуу үчүн полиция талап кылынды. Алардын кудаларды жараштыруу аракеттерине карабай, той уланган жок.

 

Ал эми 500 адамга жайылган дасторкондогу тамактар мектептерге таратылды.