Жаңы Зеландия өлкөсү 2013-жылдан кийин төрөлгөндөргө тамеки тартууга толугу менен тыюу салды

Жаңы Зеландия өлкөсү 2013-жылдан кийин төрөлгөндөргө тамеки тартууга толугу менен тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

 

Маалыматта өлкө 2025-жылга чейин тамеки тарткандардын санын 5 пайызга дейре кыскартуу жана 2027-жылга чейин тамекисиз өлкө куруу планын иштеп чыкканы айтылат. Ага ылайык, мындан бир канча жыл мурда 18 жашка чейинки өспүрүмдөргө тамеки сатууга катуу чектөө киргизген. Бирок мындай чара тамеки тарткандардын санын кыскартуу үчүн жетишсиз экендиги белгиленип, бийлик жогорудагыдай жаңы сунуш киргизгени маалым болду.

 

Мындан ары 2013-жылдан кийин төрөлгөндөргө таптакыр тамеки сатылбайт жана алардын тамеки колдонуусу катуу көзөмөлгө алынары айтылат маалыматтарда.

Учурда аталган өлкөдө 15 жаштан жогоркулар арасында тамеки тарткандардын саны 11,6 пайызды түзөт.
https://www.super.kg/kabar/news/390673/