Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуудан 2 аскер кызматкери жаракат алды. Бирөөнүн абалы оор

Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан 2 кыргыз аскери жаракат алышты. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

 

Маалым болгондой, жаракат алгандарды «Тез жардам» кызматы Баткен облустук биргелешкен ооруканасына алып кетти.

 

«Алдын ала маалымат боюнча, бир аскер кызматкеринин абалы оор. Экинчисинин абалы, орто оор абалда. Алар ооруканага жаткырылгандан кийин диагноздору тууралуу маалымат берилет. Учурда ок атышуу болгон жерде «Тез жардам» кызматынын 2 бригадасы иштеп жатат. Баткен облустук ооруканасы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Ооруканада бардык дары-дармек, медициналык каражаттар бар», — дешти маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, Баткен районундагы Булак-Башы айылында Тажикстандын чек арачылары мамлекеттик тилкеден мыйзамсыз өткөн. Алар кыргыз чек арачыларынын талаптарын аткаруудан баш тартып, ок чыгарып, миномёт колдонууга өтүшкөн.

 

Кийинчерээк Тажикстан чек ара тилкесине аскердик оор техникаларын тартышкан. Ошондой эле жетишилген макулдашууга карабастан тажиктер саат 14:15ке чейин аткылоону уланткан.