Убагында сүйүп көргөн “Том жана Джерри” мультфильминин тасмасы жакында чыгат. Анын трейлерин ютюбда көрсө болот. Тасмада жандуу актерлор менен мультипликация каармандары бириктирилет.
Анда Нью-Йорктогу мейманкананын кызматкерине чычканды кармап жок кылуу тапшырмасы берилет, ал өз кезегинде Том аттуу көчө мышыгын алып келет. “Том жана Джерри” мультфильмине быйыл 80 жыл болду.