Бишкекте мыйзамсыз объектилерди алуу уланууда

Бишкекте мыйзамсыз объектилерди алуу уланууда. Иштерди Жер колдонуу башкармалыгы жана “Тазалыктын” кызматкерлери жүргүзүп жатат. Текшерүүлөрдүн алкагында Ахунбаев, Байтик Баатыр көчөлөрү жана Манас проспектисинде 46 жарнамалык конструкция алынды.

 

Андан тышкары, мыйзамсыз курулган дүкөн жана гезит киоску дагы түрттүрүлдү.

 

Бул жаатта иштер дагы уланат, — дешти башкармалыктан.