Ирандын аймагында калып калган 76 кыргызстандык айдоочунун 19у Азербайжанга өткөрүлдү

Ирандын аймагында калып калган 76 кыргызстандык айдоочунун 19у Азербайжанга өткөрүлдү. Калгандары иран-түрмөнстан чек ара бекетинде кармалып турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Соода-өнөр жай палатасынын логистика жана транспорт боюнча комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу билдирди.

 

Анын айтымында, айдоочулар Азербайжандан Россияга, андан Казакстанга келет. Казакстан аларды Кыргызстан менен чек арага чейин өткөрүп берет. Күтүлгөндөй, алар 1 жуманын ичинде мекенине кайтышат. Эске салсак, 76 кыргызстандык айдоочу 18-февралдан бери Ирандын аймагынан чыга албай келген.