Бишкекте футбол боюнча Кыргызстандын курамасынын оюнчулары менен
фан — жолугушуу өтөт. Ошондой эле башкы машыктыруучу Александр Крестинин
дагы иш-чарага катышат. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эртең ордо калаадагы соода борборлорунун биринде
улуттук кураманын оюнчуларын сыйлоо аземи өтүп,
футболчулар күйөрмандардын суроолоруна жооп беришет.